V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына саналуу күндөр калды. Борбор калаада өтө турган масштабдуу мелдеште Атырау облусунан 3 спортчу күч сынашат. Алардын арасында казак күрөшүнүн чебери Нуржан Сарсенгалиев, белгилүү мүнүшкөр Арман Кошкаров бар. Ал эми Марат Бексултан уулу жаа атуудан өлкө намысын коргойт. Көптөгөн мелдештерде топ жарган көзгө атар мергенчи бул жолу да жеңишке жетем деген үмүттө. Бирок бул жолку сынактын максаты башка дейт ал. Анын негизги атаандаштары Венгрия, Индонезия, Түркия, Кыргызстан жана орусиялык көзгө атар мергенчилер. Жаа атуу бир гана билек күчүн жана курч көздү эмес, чыдамкайлыкты да талап кылат.
Марат Бексултан уулу, жаачы:
– Биздин салттуу жаа атуу боюнча концентрациянын салымы чоң. Башкача айтканда, техникадан, физикадан сырткары концентрациядан турат. Долбоор боюнча 50-60, жада калса 70% концентрациядан турат. Башкача айтканда, эгер сиздин концентрацияңыз туура болбосо, жүрөктө бир калыптуу болбосо, ал өзүнүн өнүмдүүлүгүн көрсөтпөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков