Түрк мамлекеттери уюмунун өлкөлөрү 8 экодолбоорду ишке
ашырууну көздөшүүдө. Учурда кайрылууларды талдоо жүрүп жатат. Мыкты демилгелер
боюнча иштер эки жыл ичинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Астанада ТМУга мүчө
мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо жана экология маселелери боюнча
министрлеринин экинчи жолугушуусунда айтылды. Ал Регионалдык экологиялык
саммиттин алкагында өттү. Тараптар өлкөлөр жалпы климаттык чакырыктарга туш
болуп жаткан учурда практикалык кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен
аракеттерди координациялоо өзгөчө маанилүү экендигин баса белгилешти. Бул үчүн
катышуучулар ТМУга мүчө мамлекеттердин экология министрлеринин декларациясын
кабыл алышты. Тараптар аталган тармакта тажрыйба жана санариптик чечимдер менен
бөлүшүүгө, ошондой эле биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө аракеттенишет. Мындан
тышкары, алар жашыл долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартууну, эл
аралык уюмдар менен кызматташууну күчөтүүнү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана
туруктуу өнүктүрүү жаатында биргелешкен жол карталарын иштеп чыгууну көздөшөт.
Кубанычбек Омуралиев, Түрк мамлекеттери
уюмунун баш катчысы:
– Бишкекте 2024-жылдагы саммитте
Түркиянын «жашыл» демилгеси кабыл алынды. «Жашыл» көрүнүштү ишке ашыруу боюнча
бизде иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Ар бир өлкө бул маселелерди азайтуу
боюнча биргелешкен чечимдерди сунуштайт - Арал, Каспий жана суу алдындагы
ресурстар боюнча.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

