Казакстандын Президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Кытайдын глобалдык демилгелери боюнча жогорку деңгээлдеги кеңеште сөз сүйлөдү. Касым-Жомарт Токаев Туруктуу өнүгүү максаттарына тезирээк жетүүгө өбөлгө түзө турган Глобалдык өнүгүү демилгесине өлкө колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бул КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Тяньцзинде өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитиндеги Кытайдын кийинки стратегиялык сунушуна – Глобалдык башкаруу демилгесине шайкеш келет. Аталган демилге туруксуз дүйнөгө оң таасир этип, көптөгөн өлкөнүн максат-мүдөөсүн айкын жеткирүүсүнө көмөктөшөт. Бул жаатта негизги ролду Бириккен Улуттар Уюму аткара турган болот.
Мамлекет башчысы өтө маанилүү жана өз убагында уюштурулган жыйын үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди. Бул демилге эгемендүүлүк теңдигин камсыз кылуу, эл аралык укук үстөмдүгү, көп тараптуу институттарды чыңдоо, ошондой эле адамдардын жыргалчылыгы менен мүдөөлөрүн коргоого багытталган дүйнөлүк тартипти илгерилетүү сыяктуу актуалдуу маселелердин чечимин сунуштайт. Ошондой эле Президент Глобалдык башкаруу демилгеси 150дөн ашык өлкө кошулган «Бир алкак, бир жол» стратегиясынын милдеттери менен үндөш экенин жеткирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Глобалдык башкаруу демилгеси, эң алды менен, санариптик технологияга, коопсуз кибермейкиндикке жана космос мейкиндигине адилет жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул нормативдик-укуктук база менен жасалма интеллектти пайдалануунун этикалык стандарттарын иштеп чыгуу жагынан өтө актуалдуу. Ушуга байланыштуу Казакстан Кытайдын Жасалма интеллект тармагындагы кызматташтык боюнча глобалдык уюм куруу тууралуу сунушун колдойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

