Транскаспий эл аралык коридорун санариптештирүү жана Актау портун жаңылоо, алтын кенин иштетүү жана цемент заводун куруу. Сингапурдук инвесторлор өлкөдөгү ушул сыяктуу 15 ири долбоорго 680 миллион доллардан ашык инвестиция салууга кызыкдар. Өлкө Мажилиси бул үчүн алда канча ыцгайлуу шарттарды түзө турган келишимди кабыл алды. Документ Казакстан менен Сингапурдун ортосундагы кызмат көрсөтүү жана инвестициялык сооданын агымын көбөйтүүгө багытталган. Мисалы, өткөн жылы эле Түштүк-Чыгыш Азия мамлекети экономикага түз 457 миллион доллар инвестиция салган. Кийинки он жылдын ичинде ал 1,7 миллиард долларга жетти. Былтыркы өз ара соода жүгүртүү да ушундай деңгээлде катталган. Анын 94%ы ички экспортко тиешелүү. 2023-жылы тараптардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн 40%га жакыны Казакстандын үлүшүнө туура келет. Келишим эки тараптын өз ара рынокторуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана телекоммуникацияны мындан ары жакшыртууну көздөйт.
Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
-Сингапур кызмат көрсөтүүлөр соодасы жана инновациялар боюнча баа жеткис тажрыйбасы бар өнөктөш болуп саналат. Мындай өнөктөш менен келишим чоң жетишкендик. Бул документ өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тажрыйба алмашууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет жана ийгиликтүү болот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков