Медициналык ЖОЖда 11 миң чет элдик студент билим алат

Медициналык ЖОЖда 11 миң чет элдик студент билим алат

Казакстандын медициналык ЖОЖда Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Азербайжандан келген студенттер билим алат. Тармактык мекеменин маалыматына караганда, аталган мамлекеттин жарандары үчүн өкмөттүк гранттар да бөлүнөт. Казакстандын медициналык мекемелеринде 11 миң чет өлкө жараны билим алат. Жалпысынан, Казакстанда медициналык кадр даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп келет. Республикада 8 медициналык жогорку окуу жайы, 17 илимий-изилдөө институту жана борборлору иштейт.



Которгон: Илгиз Жамалбеков