Сейрек кездешкен металл тармагын өнүктүрүүгө басым берилет

Сейрек кездешкен металл тармагын өнүктүрүүгө басым берилет

Сейрек кездешүүчү металлдарды өндүрүүнү өнүктүрүү жана алардын негизинде инновациялык өнүмдөрдү чыгаруу. Казакстандын премьер-министри өкмөттүк жыйында дал ушундай тапшырма берди. Олжас Бектеновдун айтымында, долбоорлор кошумча наркы жогору өнүмдөрдү жасоого багытталууга тийиш. Бул технологиялык жактан татаал өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн дараметти арттырууга мүмкүндүк берет. Өкмөт башчысы казакстандык тоо-кен өнөр жайынын экспорттук дарамети жогору экенин белгиледи. Жез, цинк, темир жана алюминий бүткүл дүйнөдө чоң суроо-талапка ээ. Ошондуктан ата мекендик экономиканы ар тараптандыруу үчүн кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Өнөр жай жана курулуш вице-министри сейрек кездешүүчү металлдар тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.

Олжас Сапарбеков, Өнөржай жана курулуш вице-министри:

- Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруунун алкагында сейрек металлдар тармагын өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата комплекстүү планы кабыл алынып, ишке ашырылууда. Өндүрүш тармагына келсек, өлкөдө уникалдуу өнүм чыгарган 8 ишкана иштейт. Өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү жана дүйнөлүк суроо-талапты эске алуу менен 4 багыт аныкталды. Биринчиси - батарея материалдары. Экинчиси - ысыкка чыдамдуу куймалар. Үчүнчүсү - жарым өткөргүч материалдар. Ал эми төртүнчүсү - туруктуу магниттер.

Белгилей кетсек, өлкөдө сейрек кездешүүчү металлдардын кору бай. Өткөн жылы 11 участокто издөө иштери аяктады. Алардын биринде болжол менен 17 сейрек кездешүүчү компоненттери бар ири кен чыккан жери аныкталды. Болжолдуу маалыматтар тастыкталган учурда республика сейрек жер элементтеринин кору боюнча дүйнөлүк лидерлердин ондугуна кире алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков