Түндүк Казакстан
облусунда суу ташкынынан
жабыркагандар үчүн 100 жаңы үйдүн курулушу башталды. Турак жайларды курууга 60
миллиард теңге багытталды. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Канат Бозымбаев
облуска болгон иш сапарынын алкагында билдирди. Ал калыбына келтирүү иштеринин
жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Облустук акимчиликке эки
жуманын ичинде талкаланган үйлөрдүн абалын тактап, калыбына келтирүүнү баштоо
тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, аймак тургундарына өлкөнүн 3 ири ишканасы
колдоо көрсөтүп жатат.
Канат Бозымбаев,
Вице-премьер-министр:
- Президент бардык келтирилген
чыгымды төлөөгө демөөрчүлөрдүн каражаты дагы жумшалууга тийиш экенин айтты.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, чоң бизнесмендер, ишканалар кошулуп жардам берүүгө
даярдыгын билдирди. Азыр
да көптөгөн жеке компаниялар селден жабыркаган аймактарга жардам берүүнү каалап
турат. Жалпысынан жардам колун сунууну
каалагандар жалпы наркы 196 миллиард доллар бөлгөнү жатат. Биз дагы эле
келтирилген зыяндын ордун толук эсептеп чыга элекпиз. Бирок ишкерлердин
каражаты жаңы үй салууга, турак жай сатып алууга жана оңдоого жумшалат. Эгерде
бул акча жетпей калса бюджеттин эсебинен
төлөөгө туура келет.
Жаңы үйлөрдүн курулушуна 10 бөдрөтчү уюм тартылды. Тандалган жерлерде бардык инженердик
инфраструктура жана керектүү байланыш бар. Бул үйлөрдү жайдын ортосунда
пайдаланууга берүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, аталган долбоор облустук
акимчилик менен
«Казакстан калкына» фондунун ортосунда кол коюлган меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.
Ошондой эле, вице-премьер Өнөр жай жана курулуш министрлигине облусту керектүү
курулуш материалдары менен толук камсыз кылууну тапшырды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков