Казакстанда интеграцияланган газ-химиялык комплекс курулат. Анда Америкалык технологиянын негизинде полиэтилендин 22ге жакын маркасын чыгаруу мерчемделүүдө, анын 40% премиум класста болот. Өнүмдөрдү өнөр жайда да, күнүмдүк турмушта да колдонсо болот. Дүйнөдө суроо-талапка ээ өнүмдү КМШ, Кытай, Түркия жана Европа өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттоо көздөлүүдө. Премьер-министр Олжас Бектенов дүйнөдөгү эң ири Sinopec жана Sibur мунай-химиялык компанияларынын жетекчилери менен комплекстин курулушун талкуулады. Ошентип, завод 2029-жылга чейин атайын экономикалык аймакта курулат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Тениз кенинде газ бөлүүчү комплексти жана магистралдык түтүктү куруу пландаштырылууда. «Полиэтилен» долбоору кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берет, анын өлкөнүн ИДӨнө кошкон салымы 1 пайыздан ашык деп бааланат.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Казакстан экономикасында Жогорку деңгээлдеги кайра иштетүү өнөр жайын түзүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Биз чийки зат соодасын жолго коюшубуз керек. Аны колго алуу милдеттүү. Биз кошумча наркы жогорку технологиялык өндүрүштөргө кызыгуучулук таанытып жатабыз. Ошондуктан биз мындай долбоорлорду болушунча колдойбуз. Алардын бирин айтып өтсөм, бул «Полиэтилен» долбоору. Бүгүн мен сиздердин көңүлүңүздөрдү бул долбоордун жергиликтүү мазмунуна бургум келет. Мамлекет бардык зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даяр. Биздин өнөктөштөр долбоордо казакстандык мазмунга кылдат көңүл бурат деген ойдобуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков