Геотермалдуу энергия өндүрүү, көмүртек алуу технологиялары жана экологиялык таза жашыл жана көк суутек өндүрүү. Техас энергетика системасын жаңылоо сыяктуу алдыңкы технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен Массачусетс технологиялык университети бөлүштү. Назарбаев университетинде өткөн иш-чарада заманбап тренддер менен энергетика тармагындагы дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар жана Казакстандагы энергетика тармагынын келечегине арналган пландар талкууланды. MТУ изилдөөчүлөрү тармактык мекеме берген маалыматтарга таянуу менен жол картасын түздү. Бул боюнча өлкөдө келечекте энергетика тармагын өнүктүрүү планы түзүлөт деп көздөлгөн.
Бакытжан Ильяс, энергетика вице-министри:
— Биз жөндөгүч катары бул багыттагы технологиялык саясатты туура тандап алышыбыз керек. Ошондуктан бул багытта биз бир катар коллаборациялык долбоорлорду, инновациялык идеяларды ойлоштуруп, ушундай чараларды туруктуу түрдө өткөрүүгө басым жасайбыз. Инфраструктураны модернизациялоого жеке капиталды тартуу да абдан маанилүү. Бул багытта да иштешибиз керек. Ошондуктан, бизге жакшы идеяны сунуш кылгандардын ар бири менен кызматташууга даярбыз.
Айжан Балабатырова, уюштуруучу:
— Бул долбоорлор менен иштөөнүн жүрүшүндө биз MТУ профессорлорун тарттык. Алар кубануу менен макул болду. Алар менен биргеликте түзүлгөн программанын жүрүшүндө энергетика тармагында жасалып жаткан алдыңкы дүйнөлүк тренддер жана алдыңкы тажрыйбаларды терең талдап чыктык. Биз бардык тараптарга өз сунушубузду айтканга даярбыз. Жакында биздин топ Энергетика министрлиги менен түрдүү сценарийлерди даярдай баштайт.
Белгилей кетсек, эки күнгө созулган семинарга Казакстандын бизнес өкүлдөрү да чакырылды. Чет элдик спикерлер ишкерлер үчүн атайын көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбалары жана долбоорлору менен тааныштырды. Алардын арасында электр энергиясын өндүрүүдөн кантип пайда табууга болот деген маселе кеңири талкууланды. Ал эми бул долбоорлордун иш жүзүндө иштеши үчүн кантип инвестицияны тартуу керек жана аны венчурдук фонддор аркылуу кантип жасоого болот деген маселе да көңүл сыртында калган жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков