Орусияда казактардын курултайы болуп өттү. Ага Түмөн облусунун
11 районунан жети минден ашык казак чогулду. Атайын тигилген боз үйлөрдө
жергиликтүү диаспоранын өкүлдөрү боорсок менен кымыз сыяктуу улуттук тамак-аштардан
ооз тийгизип гана койбостон, казак элинин улуттук кийимдери менен да тааныштырды.
Эң негизгиси келген конокторго көчмөн элдин байыркы каада-салты менен
тааныштырып, улуттук оюндар да көрсөтүлдү. Курултайды өткөрүү үчүн Түмөн аймагы
бекеринен тандалып алынган эмес. Бул этникалык казактар эң көп жашаган аймак. Бүгүнкү
күндө алардын саны 10 миңден ашат.
Есенгали Ыбырайев, улуттук-маданий автономия төрагасы:
- Түмөн облусунда казактардын курултайын өткөрүү жакшы салтка айланып баратат. Ошондуктан жыл сайын өткөрүүгө аракет кылабыз. Жыл сайын мастштабыбыз кеңейип, өткөрүлүүчү жерлер да өзгөрүүдө. Бирок майрамдын мааниси өзгөрбөйт. Негизги максатыбыз – көп улуттуу элибиздин биримдигин, достугун сактоо. Курултай – бул биздин чоң жана көп улуттуу Түмөн облусунун бардык тургундары үчүн чоң майрам. Бул майрамдык иш-чаранын коноктору жана катышуучулары өздөрүнүн маданияты, каада-салттары жана үрп-адаттары жөнүндө сүйлөшүп, бири-биринин жана коңшу-колоңдун каада-салты менен тааныша алышат.
Эске сала кетсек, былтыр Бүткүл орусиялык казактардын
курултайы биринчи жолу Түмөн облусунда өткөн. Ага коңшу өлкөнүн 18 облусунан 17
миңдей адам чогулган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков