Теке айынын 3-4дө Казакстандын борборунда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Анда уюмга кирген өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары бир катар стратегиялык документтерге кол коюшары күтүлүүдө. Алардын арасында Астана декларациясы жана «Адилеттүү тынчтык жана гармония үчүн дүйнөлүк биримдик» тууралуу документ бар. Акыркысы Касым-Жомарт Токаевдин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин былтыркы жыйынында көтөргөн демилгеси. Документти иштеп чыгуу аяктоо алдында турат. Анын максаты — дүйнөнүн ар кайсы региондорунда чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча эл аралык күчтөрдүн топтолушуна көмөк көрсөтүү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси, ШКУнун ишмердүүлүгү боюнча улуттук координатору Мурат Мукышев Silk Way телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, документте коопсуздук, туруктуу тынчтыкты орнотуу, экономикалык кызматташуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелери камтылган. Президенттин демилгесинин темасы алдыдагы саммиттин «көп тараптуу диалогду чыңдоо – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу» аттуу негизги күн тартиби менен тыгыз байланышта экендигин айтып өттү.
Мурат Мукышев, ТИМ өзгөчо тапшырмалар боюнча элчиси, ШКУ ишмердүүлүгү боюнча улуттук координатору:
– Биз бул темадагы ШКУнун жыйындары үчүн тандаган жокпуз. Катышуучулардын курамы кыйла кенен болуп, 20дан ашык өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери чакырылган. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы да катышат. Тараптар туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жана бул үчүн эмне кылуу керектиги боюнча пикир алмашууга тийиш. Муну менен катар, тынчтык жана коопсуздук маселелери бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн дайыма актуалдуу бойдон кала берүүдө. Ошондуктан, биз кеңейтилген курамда азыркы кырдаал боюнча пикир алмашып, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну зарыл деп таптык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков