Казакстандын тышкы саясаты боюнча серепчилердин пикири

Казакстандын тышкы саясаты боюнча серепчилердин пикири

Казакстан президент Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги астында алдыга жылып, жарандарга болгон камкордук толугу менен ишке ашат. Бул тууралуу эл аралык байкоочу Леонид Млечин билдирди. Ошондой эле, орусиялык талдоочу казак лидери дүйнөлүк коомчулукка көрүнүктүү дипломат катары белгилүү экенин айтып өттү. Анын Эл аралык ишмердүүлүктө чоң тажрыйбасы бар. Буга чейин ал БУУнун Башкы катчысынын орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн  жана ШКУнун Министрлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.

Леонид Млечин, Эл аралык байкоочу:

Ал жөн гана таланттуу инсан, мен үчүн табиятынан  дипломат болуу үчүн жаралгандай сезилет. Анын тажрыйбасы көп, Казакстанды дүйнөнүн саясий картасына киргизди.  Казакстанды башкарып келе жаткан жылдары, тышкы саясий ишмердүүлүккө чоң маани берери, дүйнөлүк саясий элита менен абдан ишенимдүү тил табышаары көрүнүп турат. Анткени, баарынан мурун аны жогорку билимдүү, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга жакындан көз салган жана таланттуу дипломат катары абдан жакшы билишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков