Казакстанда аткаруу бийлигин бюрократизмден арылтуу чаралары колго алынат. Тиешелүү Жарлык бүгүн Акорданын сайтында жарыяланды. Документ бюрократизмден арылуунун негизги принциптерин аныктайт. Негизги артыкчылык мамлекеттик органдардын жарандар, бизнес жана бири-бири менен санарип форматында өз ара аракеттенүүсүнө берилген. Тактап айтканда, мамлекеттик органдарга маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды суроосуна тыюу салынат. Кагаз түрүндөгү документтерге виза берүү жана алардын барактарына алдын ала кол коюу системасы жоюлат. Ага жараша ченем чыгаруу жана бюджет түзүү жараяндарынын мөөнөттөрү жана этаптары эки эсеге кыскарат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков