Казакстан Түрк элдеринин соода-өнөр жай палаталарынын бирикмесине төрагалык кылат

Казакстан Түрк элдеринин соода-өнөр жай палаталарынын бирикмесине төрагалык кылат

Казакстан быйыл Түрк тилдүү өлкөлөрдүн соода-өнөр жай палаталарынын биримдигине төрагалык кылат. Бул тууралуу Астанада өткөн уюмдун III жалпы отурумунда маалымдалды. Биримдик түзүлгөн 2019-жылдан бери анын курамы кеңейип келе жатат. Ага өлкө менен катар Азербайжан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстан кирген. Борбор шаардагы жыйында Мажарстандын расмий мүчөлүгү айгинеленди. Түрк экономикалык мейкиндиги 180 млн ашуун калкты камтыйт жана ири өндүрүштүк, ресурстук дараметке ээ. Максат өз ара соода алака аянтчасын кеңейтип, өнөр жайлык кооперация менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык багыттар менен транспорт коридорлорун жеткиликтүү кылуу. Ушул өңүттөн алганда Түрк инвестициялык фондунун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу көздөлүп отурат.


Вугар Зейналов, Азербайжан ишкерлер конфедерациясынын вице-президенти:


- Фонд быйылдан баштап ишке киришти. Бул биздин төрагалык учурунда жасаган ири кадамдарыбыздын бири болду. Биздин түрк фондуна сунуштаган демилгелерибиздин бири – Каспий деңизиндеги соода трафигин арттыруу. Аны ушул жылдан баштап ишке ашырабыз деп ойлойм. Азыр Каспий деңизи аркылуу соода-сатык максатында чоң жүк трафиги өтө баштады.


Казакстан үчүн түрк багыты – тышкы экономикалык саясаттын башкы багыттарынын бири. Былтыр үчтүн айы-тогуздун айларынын жыйынтыгы боюнча республиканын түрк өлкөлөрү менен товар алмашуусу 11 млрд долларга жетип, 10%га ашык өскөн. Казакстандын уюм өлкөлөрүнө жөнөткөн товар көлөмү болжол менен 17% артып, 8 млрд долларга жакындады. Бул казак тараптын сунушунун структуралык сапаты артканын айгинеледи. Мамлекеттин логистиканы оптималдаштыруу ишиндеги тажрыйбасы Уюмдун ишине оң таасир тийгизет деп күтүлүүдө.


Райымбек Баталов, «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы, Tcci президенти:


- Транспорт жана логистика маселелери белгилүү бир тар аймактарга, соодада тыгынды жараткан объектилерге инвестиция салууну талап кылат. Алар көбүнчө темир жол өтмөктөрү, деңиз жолдору, транспорт түрлөрүнүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Биринчиден ушул багытты колго алабыз. Экинчиден өз ара дал келтирүүнү талап кылган өлкө аралык документ жүгүртүү бар. Азыр биз бул тармакты санариптештирүү жөнүндө демилге көтөрдүк. Казакстан бул багытта жакшы үлгү көрсөтүп келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков