Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды

Казакстандын Президентинин Түркияга расмий сапары уланууда. Касым-Жомарт Токаев түрк элинин негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды. Казакстандын Президенти Аныткабир күмбөзүнө жерленген улуу ишмердин рухуна таазим этип, ардактуу коноктор китебине кол тамга калтырды. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Түркиянын достугу бекемделе берерине ишеним билдирип, боордош түрк элинин өсүп-өнүгүүсүнө тилектештигин жеткирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков