Казакстанда дыйкандарды насыялоо жана субсидиялоо жараяндары жөнөкөйлөтүлөт

Казакстанда дыйкандарды насыялоо жана субсидиялоо жараяндары жөнөкөйлөтүлөт

Казакстан дыйкандарды насыялоо жана субсидиялоо процедураларын жөнөкөйлөтөт. Айыл чарба министрлиги жазгы талаа иштерин эрте каржылоо программасы башталганын жарыялады. Ал фермерлерге социалдык-ишкердик корпорациялар аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Бүгүн өкмөттүн жыйынында жазгы талаа иштери боюнча маселелер талкууланды. Алсак, быйыл өлкөдө 28 миллион гектарга айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү мерчемделүүдө. Премьер-министр белгилегендей, мында рентабелдүү сортторго жана түрлөргө өзгөчө көңүл буруу керек. Алар, биринчи кезекте, экспортко багытталган жана жогорку рыноктук суроо-талапка ээ болушу керек.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Үстүбүздөгү жылы талаа иштерин каржылоо көлөмү 700 миллиард теңгеге чейин көбөйгөн. Лизингдик кызмат көрсөтүүлөргө каражаттын көлөмү 200 миллиард теңгеге чейин көбөйтүлдү. Буга чейин 400 миң тоннадан ашык жеңилдетилген дизель майы бөлүнгөн. Ошентип, мамлекет себүү иштерин ийгиликтүү жүргүзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрдү. Алардын натыйжалуу жана уюшкандыкта аткарылышын камсыз кылуу маанилүү. Айыл чарба министрлиги жеңилдетилген насыялоону дыйкандарды натыйжалуу колдоого гана багыттоосу керек.

Олжас Бектеновдун айтымында, санариптик чечимдерди ишке ашырууга өзүнчө көңүл буруу зарыл. Алардын жардамы менен өлкөдө бир катар маселелерди чечүү керек. Бул агроөнөр жай комплексиндеги статистикалык маалыматтарга, эгиндин жана фонд өнүмүнүн корлорун эсепке алууга, ошондой эле ветеринардык коопсуздукка тиешелүү. Бирок жасалма интеллект сугатты оптималдаштыруу, жер семирткичтерди жана тоютту пайдалануу, ошондой эле айыл чарба техникасын башкаруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Санариптик министри тарабынан бир катар сунуштар иштелип чыккан. Алар чатбот жардамчылары, дрондор жана акылдуу талдоо тутумдары менен жараяндарды автоматташтырууну сунушташат.

Дмитрий Мун, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмос өнөржай вице-министри:

- Бул долбоорлорду ишке ашыруу 2025-2026-жылдарга пландаштырылган. Кийинки слайдда айыл чарбасы үчүн жасалма интеллект жардамчысынын келечегин көрө аласыздар. Бул жардамчы мамлекеттик колдоо чаралары, субсидиялар, арыздарды берүү мөөнөттөрү жана керектүү документтер жөнүндө актуалдуу маалыматтарды берет. Чатбот Казакстандын айыл чарба министрлигинин расмий маалыматтарына негизделип, дыйкандарга тез арада керектүү жоопторду алууга шарт түзөт.


Салык кодексине бирдин айынын 20на  чейин өзгөртүүлөр  киргизилет


Өкмөттө өлкөнүн салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизилди. Алар өздүк нарк салыгын ченемин тармактар боюнча ар тараптандыруу менен 12%дан 16%га чейин жогорулатууну камтыйт. Бизнес-коомчулук менен сунуштарды талкуулоо үчүн Өкмөт аймактарга 6 жумушчу топ жөнөттү.  Жалпысынан жаңы Салык кодексинин долбоорун мажилиске бирдин айынын 20на чейин киргизүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков