Казакстандын элчиликтери Израиль менен Иранда жашаган өз жарандары менен үзгүлтүксүз байланышта. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү күнү-түнү иштейт. Бүгүнкү күндө Израилде консулдук каттоодо 123 казакстандык бар. Ал эми Иранда 104 адам. Бул өлкөдө казакстандык компаниялардын биринин дагы 174 кызматкери аталган мамлекетте вахталык негизде иштейт. Эске сала кетсек, Казакстандын тышкы саясат департаменти Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун кескин курчушуна байланыштуу чоң тынчсыздануусун билдирген. Казакстан тараптарды жаңжалды жана пикир келишпестиктерди саясий-дипломатиялык жол менен токтотууга жана чечүүгө чакырды.
Айбек Смадияров, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:
– Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалуунун кескин начарлашына терең тынчсыздануусун билдирип, тараптарды бардык пикир келишпестиктерди саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү үчүн кечиктирилбестен чараларды кабыл алууга чакырат. Казакстан дүйнө коомчулугунун аймактагы кырдаалды турукташтырууга жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерин чечкиндүү колдой турганын дагы бир жолу кайталайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков