Астанада президенттин катышуусунда август конференциясы өттү

Астанада президенттин катышуусунда август конференциясы өттү

Салттуу республикалык мугалимдердин август конференциясы Астана шаарында Казакстандын президентинин катышуусунда өттү. Касым-Жомарт Токаев педагог – өлкөнүн келечегин куруудагы негизги фигура экенин жана анын коомдогу ролу өзгөчө болушу керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы мугалимдерге ыраазычылык билдирип, алар мамлекеттик маанидеги ишти аткарып жатканын белгиледи. Президент билим берүү системасындагы негизги жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, тармакты колдоо мамлекеттик саясаттын башкы приоритети болуп саналат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Мен билим берүүгө өзгөчө көңүл бурам. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылы Президент болуп дайындалгандан кийинки алгачкы чечимдеримдин бири дал ушул педагогдорго тиешелүү болгон. Биз билим жана илим доорунда жашап жатабыз. Глобалдашуу шартында алдыңкы билимге жана жаңы технологияларга ээ болгон гана өлкө ийгиликке жетишет. Эгерде биз бүгүн интеллектуалдык жаңы муунду тарбиялай алсак, анда эртең дүйнөлүк өнүгүүнүн алдыңкы сабында болобуз.

Ошондой эле президент мугалимдердин укуктарын коргоо, мектептердин инфраструктурасын модернизациялоо, шаарларда жана айылдарда сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, STEM багыттарын өнүктүрүү жана заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо зарылдыгына көңүл бурду. Мамлекет башчысынын пикиринде, билим берүү процессине санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүүнү тездетүү зарыл. Айтымында, билим берүү жана илим өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойнойт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстан азыртадан эле прогрессивдүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет болуп саналат, ал биздин жаштар үчүн гана эмес, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөн келген көптөгөн жаштар үчүн да жагымдуу көрүнөт. Таланттар, жаңы идеялар жана инновациялык технологиялар үчүн өзүнө тартып турган өзгөчө магнит катары өзүбүздүн эл аралык позициябызды ырааттуу түрдө күчөтүү маанилүү.

Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев бир катар педагогдорго билим берүү тармагындагы зор жетишкендиктери жана өлкө алдындагы өзгөчө эмгектери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, аларга ордендер менен медалдарды тапшырды.

Которгон: Назира Бегалиева