ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары санариптик чечимдердин көргөзмөсүнө барышты

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары санариптик чечимдердин көргөзмөсүнө барышты

Евразия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын, Орусиянын, Беларустун, Кыргызстандын президенттерине жана делегация башчыларына алдыңкы технологиялык, санариптик чечимдердин көргөзмөсү, ошондой эле Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунун мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Жогорку даражалуу коноктор жасалма интеллект музейинин экспозициясы, аны менен бирге Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн стенддери менен таанышты. Казакстан тарабы санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатындагы негизги демилгелерди, анын ичинде Astana Smart City, Alem GPT, Smart Data Finance, Smart Cargo+Keden жана башка долбоорлору сунушталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков