Кытайда Казакстандын туризм жылы башталды

Бээжинде Казакстандын туризм жылынын алкагында туризмди жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча эки тараптуу форум өттү. Ата мекендик жана кытайлык компаниялар бир катар келишимге жана меморандумга кол койду. Өлкөнүн бардык 17 аймагы өз жерлеринин уникалдуу жаратылышын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, кызматташуунун дарамети тууралуу маалымат беришти. Жалпысынан, КЭРда казакстандык туризмди жайылтуу максатында быйыл улуттук валютада 1,5 миллиард бөлүндү. Ошентип, бир жыл бою ар кандай жолугушуулар, экскурсиялар, көргөзмөлөр уюштурулуп, бет ачарлар өткөрүлөт. Казакстандын Кытай Эл Республикасындагы туризм жылынын алкагында Кытайдан келе турган коноктордун саны кескин көбөйөт деп күтүлүүдө. Министрликтин божомолуна ылайык, бул көрсөткүч 2029-жылга чейин 4 миллион саякатчыга жетиши мүмкүн. Өлкөгө канчалык көп адам келсе, тармактын өнүгүү келечеги ошончолук жогору болот. Муну менен катар, туризм тармагынын аркасында кошумча 800 миңге чейин жаңы жумуш оруну ачылышы мүмкүн. 

Ермек Маржикпаев, Туризм жана спорт министри: 

- Кытайдан Казакстанга келген туристтердин саны өткөн жылы 15 эсеге өскөн. Бул биринчи кезекте эки мамлекет башчыларынын өз ара макулдашуусунун аркасында мүмкүн болду. Өз кезегинде бул экономикага таасирин тийгизет. Азыр арабызда жумуш меморандумдары менен башка документтер көп. Алардын наркы бир нече миллиард доллардан ашат. 

Кайрат Садуакасов, «KAZAKH TOURISM» улуттук компаниясынын башкарма төрагасы: 

- Биздин оюбузча, Кытай рыногунда космос туризми чоң кызыгууну жаратат. Космостук аппараттарды учуруу, жалпы эле Байкоңурга баруучу багыттарды өнүктүрүү кажет. Бул Казакстандын уникалдуу долбоору. Андан сырткары агротуризмди, гастрономиялык туризмди да өнүктүрүү керек. Бул багыттар боюнча аймактар бекитилди. Алар бул жерге жыл бою келип, өз региондорунун артыкчылыктары тууралуу баяндайт. Ошондуктан, иш-чаралар абдан көп болот деп мерчемдеп жатабыз. 

Ошондой эле, Кытайдагы Казакстандын туризм жылынын ачылышынын алкагында Бээжиндеги Улуттук опера сахнасында масштабдуу концерт болуп өттү. 150 казакстандык өнөрпөз кытай көрүүчүлөрүн казак маданияты менен тааныштырды. Кире бериште конокторго арналып этно айыл орун алган. Меймандостуктун белгиси катары тайказан орнотулду. Ал эми улуттук атрибуттар менен таанышкан коноктор казак элинин улуттук музыкасын угушту. Келүүчүлөр дүңгүрөгөн кара домбрадан чыккан обонго таң калып, ата мекендик артисттердин укмуштуудай оюн-зоокторуна, өнөрлөрүнө күбө болушту. Көрүүчүлөр абдан таң калгандыктан, ордунан туруп кол чабышты. 

Кэн Ян, Бээжин шаарынын тургуну: 

- Турист катары мен көргөндүн бардыгына кызыгам. Сиздерде баары жакшы уюштурулган. Мен сиздердин өлкөнүн жаратылышы бай жана кооз экенин байкадым. Ошондуктан быйылкы жылдан калбай Казакстанга барып, бул жерлерди көрүү башкы максатым болуп турат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков