Казакстанда
ыңгайлуу жана коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү максатында бардык мамлекеттик
мобилдик сервистер бириктирилет. Интеграция тиркемелердин чачырандылык
маселесин жок кылат, процесстерди тездетет жана калкка мамлекеттик кызмат
көрсөтүү сапатын арттырат. Башкача айтканда, мындан ары мамлекеттик органдарга
жана алардын көз каранды уюмдарына жеке мобилдик тиркемелерди иштеп чыгууга
тыюу салынат. Иштеп чыгуулар SuperApp принциби боюнча eGov жана Aitu
экосистемаларына этап-этабы менен киргизилет. Мындай чечим өлкө
премьер-министринин төрагалыгы менен өткөн санариптик штабдын жыйынынын
жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Ошондой эле мамлекеттик органдарга Astana Hub
IT-стартаптар технопаркынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмесине
мультимедиа, оюндардын дизайнын жасоо жана басып чыгаруу, программалык
камсыздоону киргизүү, киберспорт тармагындагы кызматтар сыяктуу таанымал
багыттарды кошуу тапшырылды. Кызматтар чөйрөсүн кеңейтүү Astana Hub-тын
глобалдык технологиялык коомчулукту тартуу борбору катары позициясын күчөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

