ТИМ Казакстандын алдыдагы эл аралык күн тартибинде жолугушуулары тууралуу айтты

ТИМ Казакстандын алдыдагы эл аралык күн тартибинде жолугушуулары тууралуу айтты

Казакстанда аяк оона айы бир нече эл аралык окуяларга бай болот. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Нью-Йоркто БУУ өткөрүүчү иш-чараларына катышат. Дипломаттар Америка, Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери, Ислам Кызматташтык Уюмунун жана Цивилизациялар альянсынын башкы катчысы менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт. Мындан тышкары, тиешелүү мекеменин расмий өкүлү 78-сессиянын жогорку деңгээлдеги сегментине катышат. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешмелеринин алкагында актуалдуу эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдүн талкууланышы күтүлүүдө.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
-2023-жылдын аяк оона айынын 21де Нью-Йорк шаарында Казакстандын төрагалыгы алдында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин, Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйыны өтөт. Иш-чарага кеңешке мүчө мамлекеттердин тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери катышып, 6-саммиттин чечимдерин ишке ашыруу жана Азия кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат. Жыйындын корутундусу боюнча Азия Кеңешин трансформациялоо тууралуу  Жол картасын жана Тышкы иштер министрлер кеңешин туруктуу өнүктүрүү максатында ыктыярчылыкты жайылтуу тууралуу  билдирүүнү кабыл алуу пландалууда.

Ошондой эле, аяк оона айынын 14ү 15и күндөрү өлкөнүн делегациясы Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат. Анда «Кытай-Европа» жүк ташуучу поезд кызматташтыгынын биринчи форуму өтөт. Буга кошумча, жуманын аягында парламенттин мүчөлөрү Вьетнамга барышат. Анда аталган мамлекеттин Улуттук ассамблеясынын депутаттары менен эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков