Нур-Султанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме өтөт

Нур-Султанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме өтөт

2022-жылдын күзүндө Казакстанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме өтөт. Саммитке 27 мамлекет башчынын онлайн режиминде катышуусу күтүлүүдө. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинде саммиттин жол картасына кол коюлду. Жыйындын алкагында өткөрүлө турган бардык иш-чаралар бекитилди. Белгилей кетсек, Казакстан 2019-жылдан тарта Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге төрагалык кылат. Бүгүнкү күндө бул кеңешти толук кандуу эл аралык уюмга айландыруу маселеси каралып жатат. Ассоциациянын алкагында өзгөчө кырдаалдарда чукул чара көргөн фонд түзүү маселеси талкууланат. Учурда АСЕАН жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү жараяны жүрүп жатат.

Кайрат Сарыбай, АӨИЧК катчылыгынын аткаруучу мүдүрү:

- Кеңештин уюмга айланышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеш 30 жылдык өнүгүүсүндө өзүн уюм катары көрсөтө алды. Башка форумдардан айырмаланып, уюмдун өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Биринчи кезекте системалуу түрдө саясий деңгээлде уюштурулган жолугушууларды айтууга болот. Конференция 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар уюмга айланганы тууралуу билдирүү Азия өлкөлөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүү максатында мындан аркы кызматташуунун жолдорун жана векторлорун өз алдынча аныктоого даяр экендигине саясий белги берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков