Астанада административдик юстицияга арналган форум өттү

Астанада административдик юстицияга арналган форум өттү

Астанада «Административдик сот адилеттиги жана анын мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуудагы ролу» деген аталыштагы эл аралык форум өттү. Жолугушууга Казакстандын Президенти катышты. Мамлекет башчысы туруктуу өнүгүү үчүн эл менен бийликтин ортосундагы өз ара ишенимди чыңдоо маанилүү экенин белгиледи. Коомдук макулдашуу - бул көп кырдуу, тынымсыз иштин натыйжасы. Касым-Жомарт Токаев Казакстанда «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясы ишке ашырылып жатканын эске салды. Ачык диалог жүргүзүү, жарандардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн эске алуу жана алардын даттанууларына өз убагында жооп берүү өлкөдөгү фундаменталдык өзгөрүүлөрдүн өзөгү болуп саналат. Министрлер, акимдер жана депутаттарды кошкондо, бардык деңгээлдеги өкмөттүн өкүлдөрү бул маанилүү ишке активдүү катышуусу керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Акыркы жылдары мамлекетибиз кеңири масштабдуу укуктук жана социалдык модернизацияга киришти. Өлкөбүздө жаңы саясий маданият калыптана баштады. Цивилизациялуу өлкө катары биз мыйзамдуулук жана тартип принцибин улуттук инсандыгыбыздын ажырагыс бөлүгү кылышыбыз керек. Бардык жарандарга, айрыкча жаштарга мыйзамды сыйлоо жана ага баш ийүү зарылдыгын жөнөкөй тил менен түшүндүрүү зарыл. Мыйзамды сыйлоо жана тартипти колдоо ар бир адамдын жаркын жашоосуна жол ачкан маанилүү шарттар болуп саналат. Бул негизги принцип жалпы элдик референдумда кабыл алынган жаңы Конституциябызда ачык жазылган.

Президент өлкөдөгү сот практикасы үчүн да бурулуш учур башталганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өлкөнүн административдик иштер боюнча сот практикасы мамлекеттик аппараттын ишинин сапатын аныктоочу сыноого айланды. Анын жыйынтыктары сотко болгон ишеним жогорулаганын көрсөттү. Ошондуктан, жаңы Конституцияда административдик сот адилеттигин сот өндүрүшүнүн көз карандысыз формасы катары белгилөө чоң мааниге ээ, деди мамлекет башчысы.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Күн тартибинде соттук териштирүүнүн бирдиктүү моделинен соттук териштирүү тобокелдиктерин стратегиялык башкарууга өтүү маселеси камтылган. Өкмөт буга чейин тиешелүү жоболорду иштеп чыккан. Эми борбордук жана жергиликтүү деңгээлдерде административдик актылардын жана жол-жоболордун ырааттуулугун камсыз кылуу зарыл. Мурда келип түшкөн даттанууларда жана арыздарда каралган маселелер кайрадан сотто соттук териштирүүнүн предмети болбошу керек. Административдик практиканын ырааттуулугун жана туруктуулугун камсыз кылуу зарыл.

Казакстан сот системасында жана укук коргоо органдарында фундаменталдык реформалар менен бирге ири масштабдуу экономикалык өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда. Казакстанда ишкердик активдүүлүктү жогорулатуу, анын ичинде инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү үчүн жагымдуу укуктук институттук чөйрө түзүлүүдө. Мунун аркасында соттук чечимдердин 80% жакыны инвесторлордун пайдасына чыгарылат. Президент бизнести коргоонун атайын механизмдеринин түзүлгөнүн, анын ичинде Өкмөттүн алдындагы Инвестициялык штабдын, Башкы прокуратуранын алдындагы Инвесторлордун укуктарын коргоо комитетинин, ошондой эле Англиянын укугунун принциптерине ылайык иштеген Соттун жана АЭКБнын алдындагы Эл аралык арбитраждык борбордун түзүлгөнүн эске салды. Учурда Казакстан чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча аймакта алдыңкы орунда турат. Касым-Жомарт Токаев мындан да бийиктиктерге умтулуш керектигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле бүгүн Казакстандын өнүгүшүнө жана өлкөнүн мыйзамдарын өркүндөтүүгө олуттуу салым кошкон бир топ жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков