Казакстан Президенти каржы мониторинги боюнча жыйын өткөрдү

Казакстан Президенти каржы мониторинги боюнча жыйын өткөрдү

Казакстандын Президенти Каржылык мониторинг агенттигинде жыйын өткөрдү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бүгүнкү күндө агенттик өлкөнүн экономикалык жана улуттук коопсуздук системасында маанилүү роль ойногон өз алдынча түзүмгө айланды. Президент мамлекет бул кызматтын натыйжалуу жана тоскоолдуксуз иштеши үчүн керектүү шарттарды түзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, Мамлекет башчысы эл аралык кызматташтык күчөп жатканын айтты. Республика Financial Action Task Force уюмунун текшерүүсүнөн ийгиликтүү өттү. Казакстан «Эгмонт» тобунун финансылык чалгындоо бирикмесинде Евразия аймагынын кызыкчылыгын коргойт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- 20 ири криптовалюталык биржа менен конструктивдүү өнөктөштүк түзүлдү. Өлкөбүздө блокчейн-талдоо менен алектенген «Криптон» атайын структуралык бөлүмү ачылды. Бул – Борбордук Азия өлкөлөрүндө түзүлгөн алгачкы бөлүм. Былтыр каржыны колго накталай акчага айландырган 200гө жакын жасалма компания ашкереленди. Алардын мыйзамсыз жүгүртүүдөгү каражаты 500 миллиард теңгеден ашат. Сексенден ашык кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. 100дөн ашык каржы пирамидасы жок кылынды. Мунун баары өлкөбүздүн экономикалык коопсуздугун бекемдей турганы шексиз.

Ошондой эле, Президент агенттиктин ишине санариптик ыкмаларды жана жасалма интеллект системасын кеңири киргизүүнү тапшырды. Бул масштабдуу экономикалык жаңыланууга бет алган Казакстан үчүн өтө маанилүү кадам болот. Муну менен катар, Мамлекет башчысы агенттиктин ишкерлер менен иштөө ыкмасын кайра карап чыгууга чакырып, көмүскө экономика менен күрөшүүнү жандандыруу маселесине көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев агенттиктин алдында көптөгөн татаал жана маанилүү милдеттер турганын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Биз адилеттүү, коопсуз, күчтүү, таза жана алдыңкы Казакстанды куруп жатабыз. Кеңири өзгөрүүлөрдүн кийинки – чечүүчү этабына кадам таштадык. Конституциялык реформаны колго алдык, бүгүнкү күндө Комиссия активдүү иштеп жатат. Бардык сунуштар кылдат талданат, түзөтүүлөрдүн долбоору иштелип чыгат. Эл бул долбоор менен таанышып, референдумда түпкүлүктүү чечим кабыл алат. Ошентип, өлкөбүздө жаңы коомдук-саясий система калыптанат. Өлкө ичиндеги туруктуулукту сактоого, инвестициялык абалды жакшыртууга жана элдин жыргалчылыгын арттырууга арналган иш тынымсыз уланууда.

Жыйындын соңунда Президент кызматтык милдетин мыкты аткаргандыгы үчүн Финансылык мониторинг агенттигинин бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков