Парламент Мажилисинде сессия башталгандан бери 80 мыйзам долбоору каралды. Бүгүнкү күндө алардын 39у бекитилип, Сенатка жөнөтүлдү. 25 мыйзамга Президент кол койду. Бул тууралуу быйылкы жылдын жыйынтыгын чыгарган палатанын төрагасы Нурлан Нигматулин билдирди. Эл өкүлдөрү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата сот системасын өркүндөтүү, соттордун макамын көтөрүү, укук коргоо органдарын бир жолго коюу, ошондой эле, коомду гумандаштыруу максатында мунапыс берүү боюнча документтерди кабыл алышты. Өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү, ишкердикти колдоо чараларына да өзгөчө көңүл бурулду. Нурлан Нигматулин мындай тажрыйба келерки жылы дагы уланарын, палата келечекте өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген мыйзамдардын болушу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.
Нурлан Нигматулин, РК Парламенти Мажилисинин Төрагасы:
- Биз кабыл алган документтердин ар бири биринчи кезекте өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, калктын социалдык абалын, анын ичинде өнөр жай, саламаттык сактоо, билим берүү тармагын жакшыртууга багытталган. Кичи жана орто бизнеске, экологияга өзгөчө көңүл бурулду. Биздин алдыбызда дагы көп маанилүү милдеттер турат. Келерки жылы болгон тажрыйбаны, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өлкөдөгү реформаларды, өзгөрүүлөрдү тиешелүү мыйзамдар менен камсыздайбыз деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков