Мажилис Жаңы Суу кодексинин долбоорун, ошондой эле суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Кодекстин долбоору мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык иштелип чыккан. Документтин максаты-суу ресурстарын башкарууга мамилени өзгөртүү. Өлкөдө гидротехникалык курулуштарды үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана тейлөө боюнча талаптар киргизилүүдө. Суу ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү болжолдонууда. Ал реалдуу убакыт режиминде кырдаалды көзөмөлдөөгө, суу ташкындарын жана кургакчылыкты болжолдоого мүмкүндүк берет. Жалпысынан кодекске биринчи жолу «суу коопсуздугу», «экологиялык агын суулар» түшүнүктөрү киргизилип, суу объектилерин коргоо боюнча талаптар кеңейтилди. Бул баарынан мурда чакан дарыяларга жана көлдөргө тиешелүү. Мындан тышкары, жарандар суу ресурстары боюнча маалыматтарды ала алышат. Жыл сайын Улуттук маалыматтык отчетто өлкөдөгү нымдуулуктун абалы, коргоо жана пайдалануу боюнча маалыматтар камтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

