Казакстан президентинин
макаласы америкалык «The National Interest» басылмасында жарык көрдү. Ал жаңы
Конституцияга арналган. Жарыяда Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы жакында өткөн
конституциялык референдум өлкөнүн улуттук өнүгүү багытына берилгендигин
тастыктайт деп баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн саясий системасынын
жетилгендиги жана жарандардын мамлекеттин келечегин аныктоого түздөн-түз
катышууга даярдыгын дагы бир жолу көрсөтөт. Конституциялык өзгөрүүлөрдү
коомчулуктун кеңири колдоосу тууралуу сандар да түздөн-түз айтып турат -
казакстандыктардын 87,15%ы «макул» деп добуш беришти. Казакстандын президенти
баса белгилегендей, өлкө өзүнүн саясий трансформациясынын эң маанилүү этабына
кирүүдө. Касым-Жомарт Токаев Баш мыйзамдын текстинин үстүндө иштөө өзгөчө
кылдаттык жана коомчулуктун катышуусу менен жүргүзүлгөнүн белгиледи. Жалпысынан
12 миңге жакын сунуш каралды. Президент институционалдык реформалар мамлекеттик
башкаруу системасын өнүктүрүүгө жана кадрларды жаңыртууга багытталганын жазат.
Касым-Жомарт Токаев жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, алардын негизги
чечимдерди кабыл алууга катышуусун кеңейтүүнү өзүнчө белгиледи. Мындан тышкары,
мамлекет башчысы Казакстандын инвестициялык жагымдуулугуна жана реформаларды
улантуу зарылдыгына токтолду. Жарыяда өлкөнүн өнүгүү деңгээли да белгиленген -
Казакстан дүйнөнүн эң ири 50 экономикасынын катарына кирет, мамлекеттик
башкарууну санариптештирүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарында турат, ошондой
эле мунай жана газдын, өтө маанилүү пайдалуу кендердин жана айыл чарба өнүмдөрүнүн
олуттуу корлоруна ээ.
Которгон: Илгиз
Жамлабеков

