Жамбыл облусунда 2400 гектар жерге сөксөөл отургузулду

Жамбыл облусунда 2400 гектар жерге сөксөөл отургузулду

Өткөн жылы Казакстандын Жамбыл аймагындагы кумдуу жерлерге 2400 гектар сөксөөл отургузулду. Бул аймактын табигый экосистемасын сактап, калыбына келтирүүнүн бирден бир жолу. Кургак чөлкөмдө өз убагында иштер жүргүзүлүп, шамалдуу күндөрү пайда болгон кум бороондорунун алдын алынды. Белгилей кетсек, бул багытта жыл сайын облуста болжол менен 5-7 миң гектарга жакын көчөт отургузулат. Мисалы, 2022-жылы 24 жарым миллионго жакын сөксөөл дарактары отургузулган болсо, 2023-жылдын 7 айында гана бул көрсөткүч 31 миллион түпкө жеткен. Муну менен катар, Казакстан президентинин буйругу менен Жамбыл облусунда токой корун көбөйтүү иштери жүрүп жатат. 2021-2025-жылдарга бекитилген планга ылайык, токой аянттарын кеңейтүү боюнча иш-чаралар каралган. Ошентип, 5 жылдын ичинде облуста 141 миллион түп бак-дарак отургузуу көздөлүүдө.

Бакыт Серикбаев, «Көктерек» токойлору жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо мекемесинин башчысы:

Азыркы учурда сөксөөл абдан жакшы өсүп жатат. Ушул күнгө чейин өзүнөн өзү өсүп чыккан токой коругунан 20 миң гектар жер кошулду, бул эми токой фонду коргоо системасынын натыйжасы деп ойлойбуз.

Талгат Аскаров, токойчу:

Өзүңүздөр байкагандай, бизде эми  «Көктерек» токой чарбасында бүгүнкү рейддик чаралардын жүрүшүндө 300дөй кара куйрук санадык. Эми бул муундан-муунга келе жаткан ата-бабаларыбыздын бизге калтырган аманаты, ошол мурасты кийинки муунга сактап беришибиз керек.

Жамбыл облусунун акимчилигинин жаратылыш ресурстары жана жаратылышты пайдаланууну жөнгө салуу башкармалыгынын маалыматы боюнча, облустагы мамлекеттик токой фондусунун жалпы көлөмү 4,4 миллион гектарды түзөт. Анын 2,3 миллион гектарын таза бак-дарактар ​​ээлейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков