23-мартта «Жер сааты» эл аралык акциясы өтөт

23-мартта «Жер сааты» эл аралык акциясы өтөт

Жалган куран айынын 23дө казакстандыктар эл аралык экологиялык акцияга катышат. «Жер сааты» акциясы саат 20:30дан 21:30га чейин өтөт. Бул убакытта дүйнөнүн миңдеген архитектуралык эстеликтери жана маанилүү имараттары жарыктарын өчүрөт. Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун демилгеси менен жыл сайын өтүүчү иш-чаранын негизги максаты - планетанын жаратылышына жана ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого көңүл буруу. Акциянын алкагында шаардагы мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда, соода жана оюн-зоок жайларында, ири спорт комплекстеринде жана бизнес борборлордо жарык өчүрүлөт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков