Астана бүгүн дүйнөлүк руханий диалогдун борборуна
айланды. Ар кайсы диндердин кадыр-барктуу өкүлдөрү дүйнөнүн ар кайсы бурчунан
Казакстандын борборуна Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII
съездине катышуу үчүн чогулушту. Бул тарыхтагы эң көп сандаган съезддердин бири
болду. Өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө бүгүнкү күндө дүйнөдө
кырдаалдын курчуп баратканын, чыр-чатактардын, соода согуштарынын саны көбөйүп,
курал-жарак жарышы башталып жатканын белгиледи. Буга ачык жана конструктивдүү
диалог гана каршы тура алат. Бул жерде диний лидерлерге чоң үмүт артылат,
анткени алардын ийиндеринде адамдардын ортосундагы ишенимди бекемдөө милдети
турат. Мамлекет башчысы Казакстандын диндер аралык жана маданияттар аралык
диалогду бекемдөөнүн келечектүү багыттары боюнча көз карашын билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Мен мурда жарыялаган Съезддин колдоосу астындагы «Тынчтык
үчүн кыймыл» идеясын талкуулоону сунуштайм. Диний иерархтар зордук-зомбулукту
токтотууга жана тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган бейтарап, саясатташпаган
кайрылуу менен бул кыймылдын моралдык өзөгү боло алышат. Өмүрдүн ыйыктыгы,
боорукердик жана кайрымдуулук сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарга
негизделген бул демилге кеңири динчилдерди гана эмес, саясатчыларды, эл аралык
уюмдардын өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес түзүмдөрдү, серепчилерди жана албетте,
жаштарды бириктире алат.
Дүйнөдө ядролук жаңжалдын жана экологиялык кырсыктын
коркунучу да тынчсызданууну жаратууда. Касым-Жомарт Токаев климаттын өзгөрүшүнө
каршы күрөштө диний лидерлердин ролу тууралуу биргелешкен документ иштеп
чыгууну сунуштады. Президент жаңы технологиялык доордун башталышында, жасалма
интеллектти жана чоң маалыматтарды массалык түрдө колдонуу мезгилинде этикалык
нормаларды сактоо маселесине комментарий берди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн этикасы боюнча диндер
аралык комиссия түзүүнү сунуштайм. Бул комиссия нейрон тармактарын жана башка
жаңы технологияларды жоопкерчиликтүү пайдалануунун универсалдуу принциптеринин
кодексин иштеп чыгат. Сөз адамдык кадыр-баркты урматтоону, басмырлоого жол
бербөөнү, тагдыр чечүүчү чечимдерди көзөмөлдөөнү камтыган «алгоритмдер үчүн
осуяттар» тууралуу болуп жатат.
Казакстандын Президенти
гуманитардык жардамдын маанилүүлүгүн да унутпоо керектигин белгиледи. Муктаж
болгондорго колдоо көрсөтүү зарыл. Өлкөнүн демилгеси менен түзүлгөн Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму
сыяктуу. Касым-Жомарт Токаев дагы бир жолу Казакстандын мисалына көңүл бурду. Республикада 18
диний конфессиянын төрт миңге жакын диний бирикмелери тынчтыкта жана ынтымакта
иш алып барууда. Казакстандык толеранттуулук моделинин негизин «көп
түрдүүлүктөгү биримдик» деген натыйжалуу принцип түзөт. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев
форумдун бир катар катышуучуларына өлкөнүн мамлекеттик сыйлыктарын, Съезддин
ардактуу медалын, Ыктыярдуу элчилердин белгилерин жана диндер аралык диалогго
кошкон салымы үчүн Астана эл аралык сыйлыгын тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

