Бириккен Араб Эмираттары Казакстанда шамал электр паркын курат

Бириккен Араб Эмираттары Казакстанда шамал электр паркын курат

Казакстанда кайра жанма энергия булактарынын ири паркы түзүлөт. Бириккен Араб Эмираттары масштабдуу долбоорго 1,4 миллиард доллар инвестиция салууга кызыкдар. Мажилис тараптардын ортосундагы тиешелүү инвестициялык келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам кабыл алды. Анын алкагында Жамбыл облусунда эки шамал станциясы курулат. Ар биринин кубаттуулугу 500 МВт. Башкача айтканда, объект жылына шамалдан орточо 3,4 миллиард КВт/саат энергия өндүрө алат. Мындан тышкары, экөө тең энергияны сактоо тутумун камтыйт. Демилге өлкөнүн кайра жанма энергия булактарын 3%га көбөйтөт деп күтүлүүдө. Адистердин айтымында, кош жашыл өндүрүш айлана-чөйрөгө көмүртектин бөлүнүп чыгышын 2 миллион тоннага кыскартат. 

Ерлан Аккенженов, Энергетика министри: 

- Баштапкы этаптан баштап инвестор менен биргеликте жергиликтүү кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программасы колго алынат. Натыйжада, жаңы технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистердин жаңы мууну калыптанат. Долбоордун алкагында Казакстанга биринчи жолу эл аралык алдыңкы тажрыйбанын негизинде энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку чыңалуудагы тармактар курулат. Узундугу 425 чакырымды түзгөн электр чубалгыларынын курулушунун натыйжасында өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун байланыштырган транзиттик дарамети жогорулайт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков