GLOBAL INNOVATION INDEX-2024: Казакстан борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы үчилтигине кирди

Казакстан Global Innovation Index-2024 жыйынтыгы боюнча борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы үчилтигине кирди. Дүйнөлүк рейтингдин аймактык презентациясы биринчи жолу республиканын аймагында – Астанада болуп өттү. Салтанатка Азия өлкөлөрүнүн патенттик мекемелеринин башчылары, дипломатиялык корпустун, эл аралык, ошондой эле мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада айтылган маалыматтарга караганда, Казакстан акыркы жылы сапаттуу секирик жасай алды. Республика глобалдык рейтингде 81-орундан 78-орунга көтөрүлдү, бир нече багыттар боюнча жакшыруу байкалды. Бул экономиканын өнүгүшүнө, ишкердикке, билим берүү чөйрөсүнө жана инвестициялык климатка тиешелүү. Муну менен бирге Казакстан "креативдүү товарлар жана кызматтар" көрсөткүчү боюнча 93-орундан 65-орунга көтөрүлө алды. Ал эми "улуттук көркөм тасмалар" номинациясында өлкө 61-саптан 31-сапка түштү. Белгилей кетсек, 2007-жылдан бери рейтингде жыл сайын дүйнөнүн 130дан ашык өлкөсү 80 түрдүү көрсөткүч боюнча бааланат.

Ботагоз Жакселекова, Юстиция вице-министри:

– Бул инвестицияларды тартуу үчүн абдан маанилүү. Бул биз үчүн инновацияларды киргизүү, ар кандай багыттарды өнүктүрүү үчүн багыт катары абдан маанилүү. Жогоруда айтып өткөндөй, бул биздин экономиканын бардык тармактары боюнча практикалык 80 түрдүү багыт. Бизде мыйзамдын үстөмдүгү, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу жана санариптештирүүнү өнүктүрүү. Булар биз үчүн абдан маанилүү. Анткени Казакстан өзүнүн аракеттери, реформалары менен эл аралык аренада көңүлүн бурдуруп турат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков