Казакстандын теннис боюнча курама командасы Дэвис Кубогунун 1-дүйнөлүк
тобунун алкагында Дания курамасын кабыл алды. Оюн коноктордун пайдасына 1-3
эсеби менен аяктады. Корттогу акыркы беттешүүдө жаш теннисчи Бейбит Жукаев
жеңишке жетти. Мекендешибиз биринчи оюнун улуттук курама команданын жана Дэвис
Кубогунун алкагында өткөрдү. Казакстандын теннис федерациясынын вице-президенти
Диас Доскараевдин айтымында, бул чоң жолдун башталышы. Казакстандын курама
командасына жаш теннисчилер кошула бермекчи.
Диас Доскараев, Казакстан теннис федерациясынын вице-президенти:
- Ооба, албетте, 3-4 жылдан кийин Дэвис Кубогунда
Казакстанды андан да күчтүү курама команда коргойт деп күтүп жатабыз. Биз
муундардын улантуучулугун сактоо менен кураманын сабын жаңыртып, жашартабыз. Бейбит
Жукаев менен Тимофей Скатов буга чейин
жакшы аткарышкан. Жакынкы 2 жылда Амир Омархановду курама командага кошобуз деп
ойлойм. Ошондо биздин команда абдан күчтүү болуп, жеңиштүү сериябызды улантабыз
деп ишенем.
Которгон: Назира
Бегалиева