Астанада рапид жана блиц боюнча ФИДЕнин командалык дүйнө
чемпионаты өтүүдө. Салтанаттуу ачылыш Есил дарыясынын жээгиндеги амфитеатрда
болду. Кошумчалай кетсек, бул жерде ФИДЕнин Эл аралык шахмат федерациясынын 100
жылдыгына жана 45-Олимпиадага арналган факел эстафетасы өттү. Ага
премьер-министр да катышты. Олжас Бектенов FIDE президенти Аркадий Дворковичтин колунан Олимпиада отун
алып, Казакстандын шахмат федерациясынын жетекчиси Тимур Турловго тапшырды. Ал
Казакстанга Эл аралык шахмат федерациясынын мекени - Парижден келди.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Астанада Олимпиада отунун жанышы Казакстан эли үчүн чоң
кубаныч жана сыймык. Эл аралык деңгээлдеги мындай кызыктуу мелдеш шахмат
спортунун мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошпостон, жаш муундардын шахматка
болгон кызыгуусун дагы да арттырары талашсыз. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев
өлкөдө шахматты колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Бүгүнкү күндө
өлкөдө 200 миңден ашык адам шахмат ойнойт. Бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүү
максатында Өкмөт шахматты өнүктүрүү боюнча 5 жылдык комплекстүү планды кабыл
алды.
ФИДЕнин рапид жана блиц боюнча дүйнөлүк чемпионатына 39
командадан турган дүйнөнүн 315 мыкты шахматчысы катышат. Казакстандын атынан
Бибисара Асаубаева, Алишер Сулейменов, Дармен Садуакасов, Алдияр Аңcат, Меруерт
Камалиденова, Алуа Нурман жана башка көптөгөн атактуу спортчулар чыгат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков