Тогузкоргол дүйнөгө жайылууда. Жакында казактардын салттык интеллектуалдык оюну боюнча Федерациясы Африка континентинде да пайда болушу мүмкүн. Нигериянын Лагос штатында тогузкумалак боюнча көргөзмө оюндары өттү. Адамдын акылын жана тапкычтыгын айкалыштырган оюн жергиликтүү элдин кызыгуусун арттырды. Казак оюну салттуу африкалык үстөл оюну айо олопонго абдан окшош. Аны Нигериянын түштүк-батышындагылар кубануу менен ойношот. Катышуучулардын милдети-майда таштарды бир тешиктен экинчисине алмаштыруу. Ким аларды мүмкүн болушунча көп чогултса, жеңүүчү аталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

