Касым-Жомарт Токаев шахмат боюнча Казакстандын аялдар курама командасын 2024 – жылы дүйнөлүк шахмат олимпиадасында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Мамлекет башчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында: «Бул казак шахмат мектебинин жана анын мыкты өкүлдөрүнүн ийгилиги. Спортчуларыбызга жаңы жетишкендиктерди каалайм!» деп жазды. Казакстандын шахмат федерациясы кабарлагандай, Венгрияда өткөн 45-шахмат олимпиадасында Казакстан кыздар командасы АКШ менен Польшанын күчтүү атаандаштарын жеңип, Индияга бир гана упай утулуп калышты.
Белгилей кетсек, мелдештин учурдагы күмүш медалы тарыхый болуп калды. Курама команда 2022-жылы Индиянын Ченнай шаарында алган бешинчи орундан көтөрүлдү. 11 турдан ийгиликтүү өтүп, 169 өлкөнүн өкүлдөрүн жеңген жаш команданын атынан Бибисара Асаубаева, Меруерт Камалиденова, Ксения Балабаева, Амина Кайырбекова жана Алуа Нурман катышты.
Тимур Турлов, Казакстан шахмат федерациясынын президенти:
– Менин оюмча, бул биздеги укмуштуудай интеллектуалдык дараметтин ачылып жатканынын көрсөткүчү. Бизде жөн эле экинчи орун эмес, аны дээрлик бүткүл олимпиадада алдыңкы лидерлер менен бөлүшөбүз. Биз дээрлик бардык Олимпиадада биринчи жана экинчи орундардын ортосунда болдук. Бизде Олимпиадада эң жаш командалар бар. Команданын орточо жашы 19 жаш. Алар үчүн, көптөр үчүн бул алардын жашоосундагы биринчи жана экинчи Олимпиада. Алар дагы көптөгөн олимпиадаларга барышат, алар чоң тажрыйба алышат. Кийинки Олимпиадада алтынга ээ болоруна эч кандай шегим жок. Ал эми бул биздин чындап эле келечеги кең, интеллектуалдык келечеги бар өлкөгө айланып баратканыбыздын жакшы көрсөткүчү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков