Казакстан курамасы паралимпиададан өлкөгө кайтып келди

Парижде өлкөнүн намысын ар-намыс менен коргогон паралимпиадачылар кайтып келишти. Борбор калаанын эл аралык аэропортуна чогулган күйөрмандар спортчуларды жылуу тосуп алышты. Алардын арасында спортчулардын күйөрмандары жана туугандары бар.  Казакстандын улуттук курама командасы мелдеште 9 медалга ээ болушту. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң мыкты паралипиада болуп калды. Пара-пауэрлифтингде өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Давид Дегтярев Паралимпиада оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү аталды. Ал эми пара дзюдо боюнча Акмарал Науатбек үстөмдүк кылды.

Акмарал Науатбек, Париж паралимпиадасынын жеңүүчүсү:


- Жеңиштен ырахат алып, бир аз эс алып, ден соолугумду чыңдайм. Андан кийин ойлонуп көрөм. Менин максатым Давид Дегтярев сыяктуу эки жолку Паралимпиада чемпиону болуу.


Которгон: Илгиз Жамалбеков