Казакстандын Президенти XIV кышкы Паралимпиада оюндарынын чемпионун сыйлады

Казакстандын Президенти XIV кышкы Паралимпиада оюндарынын чемпионун сыйлады

Касым-Жомарт Токаев XIV кышкы Паралимпиада оюндарынын чемпиону Ербол Хамитовду III даражадагы «Барыс» ордени менен сыйлады. Салтанаттуу азем бүгүн Акордада өттү. Мамлекет башчысы дүйнөлүк ири мелдештер Казакстан үчүн ийгиликтүү аяктаганын, спортчу өлкөнүн намысын татыктуу коргоп, алтынды да, колону да алганын баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Бул ата мекендик параспорт үчүн тарыхый жетишкендик. Ербол бүткүл дүйнөгө казак элинин туруктуулугун, эрдигин жана каармандыгын көрсөттү. Ошондуктан, биринчи кезекте сага жана машыктыруучулар штабына ыраазычылык билдиргим келет. Паралимпиада оюндарына жөнөп жатканда мен сага өлкөбүздүн туусун тапшыргам. Сен жогорку ишенимди толугу менен актадың жана Казакстанга жеңиш менен кайттың. Биздин өлкөнү жалпы командалык эсепте 18-орунга чыгарган көрүнүктүү натыйжага жетиштиң.


Касым-Жомарт Токаев Ербол Хамитовдун олимпиадалык ийгилигинде машыктыруучулардын ролун өзгөчө белгиледи. Ал ошондой эле параспортчулар менен иштеген дарыгерлерге жана башка адистерге ыраазычылык билдирди. Президент азыр баарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн өлкө – Адилеттүү Казакстан курулуп жатканын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, жакында кабыл алынган жаңы Конституция өлкөнүн жаратмандык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Ал эми казакстандык параспортчулар өздөрүнүн жетишкендиктери менен мамлекеттин баалуулуктарын бекемдөөгө зор салым кошууда.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Баш мыйзам мамлекеттин стратегиялык ишмердүүлүгүнүн багыты катары адамдык капиталды, билим берүүнү, илимди жана инновацияларды өнүктүрүүнү аныктайт. Улуттун саламаттыгын сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Конституциянын башкы максаты – өлкөнүн көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо, ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу. Азыркы учурда биздин алдыбызда турган эң маанилүү милдет – Конституциянын негизги принциптерин өлкөбүздө да, чет өлкөлөрдө да кеңири түшүндүрүү жана жайылтуу.


Бүгүнкү күндө мамлекет паралимпиада спортуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Бул тармакты каржылоонун көлөмү көбөйдү. Өткөн жылы эле Казакстанда 4 заманбап инклюзивдүү спорт комплекси ачылган. Мындай борборлор, Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот. Өз кезегинде Паралимпиаданын чемпиону Ербол Хамитов Президентке жогорку ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жетишкен ийгиликтери менен токтоп калбай, мамлекеттин казынасына дагы көптөгөн жеңиштерди алып келерин убада кылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков