Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Акордада Казакстандын Президентине сегиз мамлекеттин – Норвегиянын, Аргентинанын, Гананын, Малинин, Гамбиянын, Бангладештин, Шри-Ланканын, ошондой эле Босния жана Герцеговинанын элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Касым-Жомарт Токаев дипломаттарга Казакстандын социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүү келечеги жөнүндө айтып берди. Ошентип, тышкы чакырыктарга карабастан, ата мекендик экономика аймактагы эң туруктуу жана динамикалуу бойдон калууда. Бирок Казакстан жетишкен ийгиликтер менен токтоп калууну көздөбөйт жана экономикалык реформаларды ырааттуу түрдө жүргүзүүнү улантууда. Мамлекет башчысы жалган куран айынын 15де өлкөдө жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча жалпы улуттук референдум өтөрүн белгиледи. Баш мыйзам Казакстанда масштабдуу өзгөрүүлөр жана демократиялаштыруу үчүн бекем негиз түзөт. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле мамлекет тынчтыкты сүйгөн тышкы саясат жүргүзүп жатканын баса белгилеп, Перс булуңунун мамлекеттери менен тилектештигин билдирип, жаңжалдардын тез арада жөнгө салынышына үмүт артарын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков