Актау портунда Каспийдин түбүн тереңдетүү
иштери башталды. Бул терминалдык объектилерди андан ары курууга, ошондой эле
деңиз кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт. Түбүн бир жарым-эки
метр тереңдетүү пландалууда. Иштер ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлмөкчү.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Каспийди тереңдетүү Транскаспий эл
аралык транспорттук каттамын өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексине кирет жана
жүк ташуунун өсүп жаткан көлөмүн камсыздоого багытталган. Белгилей кетсек,
бүгүнкү күндө Казакстандын Актау портунун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 15 млн
тоннага жакын жүктү түзөт. Транскаспий коридору боюнча контейнердик ташуулардын
көлөмү 2025-жылдын алгачкы үч айында 3,5 эсеге өстү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

