Казакстандын президенти айылдын өнүгүүсү үчүн негизги милдеттерди белгиледи

Казакстандын президенти айылдын өнүгүүсү үчүн негизги милдеттерди белгиледи

Астанада мамлекет башчысы менен атайын диалог аянтчасында өлкөнүн калктуу конуштарынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн эки миңге жакын айыл өкмөт башчысы чогулду. Касым-Жомарт Токаев айылдын абалы – Казакстан үчүн стратегиялык мааниге ээ маселе экенин белгиледи. Айылдар күчтүү болсо, өлкө да берекелүү болмокчу. Ошондуктан айыл өкмөт башчыларына коюлган талап да, аларга жүктөлгөн милдет да ар дайым өзгөчө. Калктуу конуштардын гүлдөшү алардын ишине түздөн-түз байланыштуу. Республикада масштабдуу саясий реформалар жүргүзүлүп жатат. Анын бири айыл өкмөт башчыларын түздөн-түз шайлоо. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Ошондуктан биз орунсуз шашпоого жол берген жокпуз, айыл өкмөттөрүн шайлоо ишин 5 жылдын ичинде акырындык менен жүзөгө ашырдык. Бүткүл өлкөбүз боюнча 2334 айыл өкмөтү шайланды. Алардын орточо жашы – 43 жаш. Жаңыдан шайланган өкмөттөрдүн үчтөн бири – мурда мамлекеттик кызматта болбогон жарандар. Айылдагы шайлоо саясий партиялардын аймактардагы ишине жаңы дем берди. Ал 700дөн ашык жаран өзүн-өзү көрсөтүп, шайлоодо жеңишке жетти. Шайланган өкмөттөр ишке киришти, жалпы жыйынтык жаман эмес десек болот. Эң башкысы, алар жергиликтүү журттун муң-муктажын, чечимин таппай жаткан түйүндүү маселелерди жакшы билет. 

Мындай жаңылануунун аркасында бюджеттик каржылоо кыйла натыйжалуу өздөштүрүлө баштады, калктуу конуштардын кирешелери да өстү. Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, айыл тургундарынын 84% өз акимдерине ишенишери аныкталды. 4 жылда айыл калкына алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 800дөн ашык объект курулду. Ошондой эле 388 жаңы мектеп ачылды. Былтыр 2 миңге жакын айыл мектебине сапаттуу интернет берилди. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Жыл сайын айылдын мүмкүнчүлүгү артып баратат. Өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли жогору айылдардын саны көбөйдү. Айыл чарбасынын жалпы өндүрүмү алты жылда 1,5 эседен ашык өсүп, 8,3 триллион теңгеге жетти. Быйыл айылдагы дыйкандарга 1 триллион теңге көлөмүндө колдоо көрсөттүк. Мындай мамлекеттик колдоо көрсөткөн өлкөлөр көп эмес, атүгүл бул көптөгөн өлкө жетише албаган каржылык жардам десек болот. 

Айылдарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн Президент акимдерге коюлган талаптарга көңүл бурду. Алар өз сабаттуулугун жогорулатышы керек. Аларга Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттик тиешелүү министрлик менен биргеликте колдоо көрсөтүүгө тийиш. Ошону менен бирге айылдык акимдердин ыйгарым укуктары өтө конкреттүү болушу керек. Мамлекет башчысы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулоодо депутаттар бул жагдайды эске алууну тапшырды. Эң негизгиси – Касым-Жомарт Токаев акимдердин эл алдында отчет берүү талабын мыйзамдык деңгээлде бекитүүнү жана өз милдеттерин аткарбаган учурда алардын ыйгарым укуктарын токтотуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды. Президент ошондой эле Өкмөткө айылдарды санариптештирүүнү артыкчылыктуу милдет катары тапшырды. Дагы бир маанилүү жагдай – айыл жеринде бизнести колдоо. Бул жерде өз ишин өнүктүрүүнү каалагандарга «Айыл аманаты» долбоору жардам берет. Бул программаны ишке ашырууга 2029-жылга чейин 600 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнөт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков