Мамлекет да, журналист да улут үчүн иштеп, өлкө тагдырын
чечүүгө катышат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев ЖМК тармагынын
кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Баарыныздарды алгач ЖМК кызматкерлеринин күнү менен чын
дилимден куттуктайм! Журналист ардактуу кесип. Акыйкат сөздүн, курч ойдун жана
чынчыл пикирдин, адилеттүү иштин жактоочусу. Ошондуктан биз медиа тармагынын адистерине
ар дайым чоң урмат менен мамиле кылабыз. Биздин максатыбыз бир. Бул бардыгына
бирдей мүмкүнчүлүк берген адилеттүү Казакстанды түзүү. Бүгүн мен массалык
маалымат каражаттарынын кызматкерлерине бул багытта талыкпаган эмгеги үчүн чын
дилимден ыраазычылык билдирем. Алихан Бөкейхан «Гезит-журнал чыгаруу чоң
чеберчиликти талап кылат» деп баса белгилеген. Бул бүтүндөй маалымат тармагына
тиешелүү тыянак. Дегеле мамлекеттик саясатты коомчулукка түшүндүрүүдө
журналисттердин орду өзгөчө.
Мамлекет башчы өз сөзүндө жаңы демилгелерди коомчулукка
ар тараптуу түшүндүрүүгө журналисттер чоң салым кошуп келе жатканын да
белгиледи. Улуттун жаңы сапатын жана улуттук идеяларды калыптандыруу массалык
маалымат каражаттары менен түздөн-түз байланыштуу. Алар мамлекеттик саясатты
чечмелөөдө өзгөчө роль ойнойт, деп белгиледи Президент. Маалымат сакчылары
бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө сыяктуу. Алар парламентаризмди
өнүктүрүүгө жана социалдык зулумдуктун тамырына балта чабууга зор салым
кошууда, - деди Касым-Жомарт Токаев. Мамлекет башчынын айтымында, ЖМКлар
жөнүндө кабыл алынган мыйзам журналисттерге дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү
берет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Өзүңөрдөргө маалым болгондой, жакында эле «Массалык
маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга кол койдум. Өтө маанилүү документ.
Журналисттердин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо механизмдери бекемделди
деп айтууга болот. Бул документ өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын дараметин
жогорулатат деп ишенем. Ошондой эле маалыматтык көз карандысыздыгыбызды
чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Журналисттердин алдында ар кандай милдеттер турат. Ата
мекендик маалымат каражаттары коомдо жогорку экологиялык аң-сезимдин жана жаратылышка
аяр мамиленин маданиятын калыптандырууга жардам бере алат. Дагы бир маанилүү
миссия – жарандарга экономиканын өнүгүшү тууралуу ар тараптуу жана кеңири
маалымат берүү. Президент журналистика жөн гана кесип эмес, жүрөктүн каалоосу
экенине көңүл бурду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Жалпыга маалымдоо каражаттары – элдин үнү, улуттун
жарчысы, массанын руханий тиреги. Ошондуктан журналисттердин кесипктик жактан мыкты
болушу абдан маанилүү. Ал тургай бул чечүүчү маселе. Биздин журналисттердин
көбү жогорку деңгээлдеги адистер. Алар ишенимдүү жана мекенчил атуулдар. Буга
эч кандай шек жок. Сиздер бул миссияны ар-намыс менен аткарып келе жатасыздар.
Касым-Жомарт Токаев атамекендик
журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон тармактын өкүлдөрүн мамлекеттик
сыйлыктар, сыйакылар, гранттар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков