Теңгенин куну бекемделе баштады

Теңгенин куну бекемделе баштады

Улуттук валюта аптаны аукциондордо бекемдөө менен баштады. Кечээ Казакстандын фондулук биржасында орточо курс 473,95 теңгени түздү. Жума күнкү маалыматтарга салыштырмалуу улуттук валюта дээрлик 3 теңгеге бекемделди. Каржы талдоочу Андрей Чеботарев муну салык жумалыгы менен байланыштырат. Тышкы факторлор кыйла терс болгондуктан: мунай арзандап, доллардын индекси өсүүдө. Талдоочу мындай көрүнүшкө теңге өзгөчө өзгөрүүгө учурабай турганын белгилейт. Муну ал тышкы таасирлердин кесепеттерин жумшартуу үчүн валюта курсу алдын ала солгундап кеткен болушу мүмкүн  - деген ой менен байланыштырат. Серепчи үстүбүздөгү жылдын бюджетинин параметрлерин эске алуу менен божомолдорун айтат. Тууралоодон кийин эсептешүү курсу бир доллар үчүн 460 теңге деңгээлинде белгиленди. Мындай учурда улуттук валюта, сыягы, ушул калыбында кармалып турат. Бирок Чеботарев жаңы тышкы соккулар болбогон жагдайда гана - деп эсептейт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков