Президент Германиянын экономикалык делегациясын кабыл алды

Президент Германиянын экономикалык делегациясын кабыл алды

Акордада Казакстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы аталган өлкөнүн экономикалык делегациясын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Учурда өкмөт 800 дараметтүү инвестициялык долбоорлордон турган долбоордун пулун иштеп чыкты - деди президент. Ал өлкөдө Германиянын техникалык институттарынын өкүлчүлүктөрүн, лабораторияларын, илимий жана компетенттүү борборлорун ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди. Германия тарап немис бизнеси Транскаспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө, кендерди иштетүүгө жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков