Түркестан облусунда жаңы суу сактагыч курулууда

Казакстанда жаңы суу сактагыч курулуп жатат. Ал Түркестан аймагындагы Балабөген жана Чоң Бөгөн сууларынын кошулган жеринде жайгашкан. Гидротехникалык курулуш дамбасынын узундугу 2 чакырымдай, бийиктиги 26 метрди түзөт. Суу сактагычка сел суулары топтолуп, сугат мезгилинде Бөген суу сактагычына жиберилет. Жалпысынан бул аппарат 68 миллион чарчы метр сууну батыра алат. Белгилей кетсек, «Байдибек-атадан» Бөген суу сактагычына азыктандыруучу заттарды жөнөтүү үчүн «Саркырама» каналы курулууда.


Илияс Алибеков, суу чарба ардагери:


- Мунун негизги максаты – Байдибек суу сактагычынан Түркестан облусуна жана шаарына ушул канал аркылуу жалпысынан 40 миллион кубометр суу берилет. Биз суу сактагычты бүтүргөндөн кийин суубузду аяк оона айына, тогуздун айына жеткирүүгө шарт түзүлөт.


Эске сала кетсек, өлкөнүн тармактык министрлиги 2030-жылга чейин суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкты. Ал Түркестан аймагында «Байдибек ата» жана «Боралдай» курулушун салууга шарт түзүп, Бөген суу сактагычына кошумча 113 миллион кубометр суу жеткирүүгө мүмкүндүк берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков