Казакстанда быйыл биринчи жолу 7 кен мамлекеттик менчикке өттү. Жалпысынан республика боюнча 104 участокто жер казынасын геологиялык чалгындоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатканын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Республика сейрек кездешүүчү металлдардын жаңы кендерин табууга үмүттөнөт. Алдын ала жыйынтыктар бар. Ошентип, 8 айдын ичинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасында запастардын көбөйүшү төмөндөгүдөй: алтын - 45 тоннадан ашык; жез - 25 миң тонна; цинк — 215 миң тонна, мунай — 15 миллион тоннага жакын, газ — 6,8 миллиард кубометр. Министрлик тарабынан ошондой эле запастык жерлерди чектөө, кен чыккан жерлерди аныктоо иштери аяктады. Ошентип, дагы 661 миң чарчы километр аянт белгилүү болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков