2022-жылга карата жаңы индустриялаштыруу картасына 1,5 триллион теңгени түзгөн 91 долбоор киргизилди. Бүгүнкү күндө алар ачык жөнгө салуу порталында талкууланууда. Объектилердин басымдуу бөлүгү түштүк жана борбордук Казакстанда топтолот. Тизмеге текстиль, фармацевтика жана курулуш материалдарын чыгаруучу заводдор кирет. Бул объектилерди Шымкентте куруу мерчемделип жатат. Мындан тышкары, шаарда түстүү металл концентратынын калдыктарын кайра иштетүүчү завод ишке кирет. Ал эми борбордо жана Акмола облустунда үй курулушу комбинаты, бетон, кыш, асфальт заводдору, ошондой эле, кондитер фабрикасы, бакма канаттууларды, балык жана эт өнүмдөрүн чыгарган бир нече ишканалар курулат. Түндүк-чыгыш аймактарында айыл чарба, кайра иштетүү жана автомобиль өнөр жай тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу көздөлүүдө. Костанай облусунда транспорттук жабдууларды чыгаруучу төрт ири завод индустриялаштыруу картасына киргизилген. Өлкөнүн батышында ишкерлер полипропилен чыгаруучу газ-химиялык комплекс курууну караштырып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков