2023-жылы Казакстанда 170 өнөр жай долбоору ишке берилет

2023-жылы Казакстанда 170 өнөр жай долбоору ишке берилет

Быйыл Казакстанда 170 өнөр жай долбоору ишке берилет. Бул тууралуу өлкөнүн Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Маселен, Павлодар облусундагы Экибастузга жакын жерде үстүбүздөгү жылдын 3-кварталында ферросилиций чыгаруучу борбор ишке киргизилет. Бул технология болот эритүүдө жана кээ бир ферросплавдарды өндүрүүдө колдонулат. Мындан тышкары Караганды облусунда атайын кокс чыгаруучу завод ишке кирет. Костанайда коммерциялык жүк ташуучу автоунаалар үчүн көпүрөлөрдүн негизги тетиктерин чыгаруучу өнөр жай борбору ачылат. Мындан тышкары Саран шаарында турмуш-тиричилик техникасын, Алматыда алюминий радиаторлорун, Карагандыда жел генераторлорунун конус мунараларын, Павлодарда алюминий дисктерин чыгаруу пландаштырылууда. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында макарон азыктарынын, сүт жана сүт азыктарынын, канаттуулардын жана башка азыктардын түрлөрү кеңейтилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков