Эми ал үчүн бардык керектүү процесстер 30 күнгө токтотулат. Буга чейин өлкөдө жерди пайдаланууга уруксат алуу үчүн кеминде бир жыл талап кылынчу. Сенат бул кызматты санариптик моделге өткөрүүгө багытталган мыйзамды кабыл алды. Башкача айтканда, аталган система толугу менен автоматташтырылып, укуктарды электрондук түрдө өткөрүү тартиби бекитилди. Арыз каттоодон чечим кабыл алууга чейин онлайн режиминде жүргүзүлөт. Ал ортодо бир катар кайталанган документтер жана келишимдер кыскартылды. Курулушка жана кыймылсыз мүлккө жарактуу бош жерлердин бирдиктүү санариптик мамлекеттик реестри түзүлүп, тармактын бардык маалыматтык системалары интеграцияланат. Сенаторлор бул биринчи кезекте өлкөнүн жер ресурстарын эффективдүү пайдалануу маселеси экенин айтышат.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Кабыл алынган мыйзам бул багыттагы конкреттүү кадам болуп саналат. Мыйзам аркылуу жер участогуна укукту электрондук түрдө өткөрүп берүүнүн тартиби аныкталат жана бул тармактагы мамлекеттик саясаттын ачык-айкындуулугу камсыз кылынат. Мыйзам долбоорун кароодо Сенат ага кошумча түзөтүүлөрдү киргизди. Маселен, айыл чарба жерлерин пайдаланбоо же сарамжалсыз пайдалануу фактыларына өз убагында бөгөт коюу жана алдын алуу механизмдери күчөтүлдү. Келечекте мыйзам жер мамилелери жаатындагы мамлекеттик кызматтарды оптималдаштырууга жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков